БОТО-МОЙНОК
БОТО-МОЙНОК – Ак-Сай өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Көк-Кыя менен Корумду сууларынын баш жагында жайгашкан кырка тоо; Бото-Мойнок аталыштагы ашуу, суу да бар. Какшаал тоо тизмегине кирет. Ортонку палеозойдун (девондун аягы, таш көмүр мезгилинин башы) кумдук, конгломерат, сланец, мергель, акиташ тоо тектеринен ж. б. турган бийик тоолуу аймак. Рельефине тайпак, пенеплендешкен формалар мүнөздүү. Айрым чокулары 4200–4300 мге чейин көтөрүлөт. Талаа, шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Жайытка, аӊчылыкка ылайык. Бото Мойноктун белинен (4020 м) илгери кербен жол өткөн.