БОФОРТ ДЕӉИЗИ
БО́ФОРТ ДЕӉИЗИ – Түндүк Муз океандагы четки деӊиз. АКШ (Аляска) менен Канаданын жээктеринде. Барроу тумшугу менен Канадалык Арктика архипелагынын батыш аралдарынын аралыгында. Аянты 481 миӊ км2. Эӊ тереӊ жери 3749 м. Жыл бою муз каптап жатат. Макензи дарыясы куят. Англиялык адмирал Ф. Бофорттун ысмынан аталган.