БӨДӨНӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨДӨНӨ (Coturnix coturnix) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу. Дене уз. 20 см, салм. 100–145 г. Жону ак темгилдүү, боз чаар, боору агыш сары, корозунун алкымы саргыч, мекияныныкы саргыч чаар. Европа, Азия, Африка, Индияда, О. Азиянын түш. жактарында кезигет. Кырг-ндын ойдуӊ ж-а тоо арасындагы талааларында көп учурайт, айрымдары Кочкор, Чүй өрөөнүндө кыштап калат. Б. курт-кумурска, өсүмдүк жалбырагын, бүчүрүн ж-а уругун жейт. Уясын бадал же куурай, чий арасына салат, кара чаар күрөӊ жумуртка тууп, басып чыгарат. 16–18 жумада уча баштайт. Б-нүн эти даамдуу. Сайроочу куш катары үйдө да багылат.