БӨЙРӨК-ТУЗ ТУЗ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:15, 20 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЙРӨК-ТУЗ ТУЗ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Алабуга суусунун чатынан 4–4,5 км түштүк-батышта, Көк-Мойнок кыштагынан 10 км аралыкта, деӊиз деӊгээлинен 1950–2000 м бийиктикте. Мында калыӊдыгы 10–22 м, узундугу 1 кмге созулган, арасында галит-глауберит туздарынын аралашмасы бар гипс катмары аныкталган. Аралашманын калыӊдыгы 0,5–3,6 м. Галиттин орточо өлчөмү – 74,55%. Туз мал жегенге жарайт. Запасы С2 категориясы боюнча 140,6 миӊ т.