БӨКӨШОВ
БӨКӨШОВ Жамгырбек (10.11.1954-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Үч-Терек айылы) – философия илимд. доктору (1992), проф. (1993). КМУнун филология ф-тин (1977), юриспруденция магистратурасын (1999) бүтүргөн. 1977–78-ж. Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясында ил. редактор, 1981–92-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, социол. изилдөө жетекчиси, доцент, проректор, 1992–95-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-тунун проректору, КРдин Жогорку Кеӊешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995–2000). 2000–05-ж. Жалал-Абад мамл. ун-тинин ректору. 2005–08-ж. Чүй ун-тинин 1-проректору, Социалдык-саясий технологиялар ин-тунун директору, 2008-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» ун-тинин философия кафедрасынын башчысы. 100дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 2 монографиянын автору. «Даӊк» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Таанып-билүүнүн табышмактары. Ф., 1988; Истоки и горизонты познания. Жалалабат, 2001; Философия жана адабият. Жалал-Абад, 2002.
