БӨЛҮКЧӨЛӨР
БӨЛҮКЧӨЛӨР – сүйлөмдөгү айрым сөздөргө, сөз айкаштарына же бүтүндөй сүйлөмгө ар кандай кошумча модалдык, маанилик касиет, логикалык маани киргизүүчү кызматчы сөздөр. Алар семантикалык, морфол., синтаксистик белгилери б-ча өз алдынча кызматчы сөз түркүмү болуп калыптанган. Б. кызматчы сөз түркүмү болгондуктан, сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарбайт.