БӨЛҮШТҮРГҮЧ ТҮЗҮЛМӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 21 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛҮШТҮРГҮЧ ТҮЗҮЛМӨ э л е к т р д и к – электр тизмектерин биринин артынан бирин убакытка карата бириктирип же ажыратып туруучу коммутациялык түзүлүш. Бөлүштүргүч түзүлмө синхрондуу (тизмектерди белгилүү мезгилде үзгүлтүксүз ажыратып-кошуп туруучу), старт-стоптук (старт сигналында кошот, стоп сигналы келгенде ажыратат) жана кадамдык (башкаруучу импульс келгенде гана бир абалдан экинчи абалга өтүүчү) болуп бөлүнөт. Иш аткаруучу органдары боюнча Бөлүштүргүч түзүлмөнүн щёткалуу, муштумча механизмдүү жана релелүү түрлөрү болот. Анын конструкциясы электрмеханикалык же электр вакуумдуу прибордон же бир системага бириктирилген электр-механикалык, электрондук элементтерден куралат. Ал автоматика, телемеханика жана байланыштын текшерилүүчү объектилерин тандоочу, убакыт боюнча бөлүштүрүлгөн сигналдарды мейкиндикте бөлүштүрүлгөн сигналдарга өзгөртүүчү, импульстардын санын эсептөөчү түзүлмөлөрдө кеӊири колдонулат.