АТАБЕК
АТАБЕК (түрк., ата жана бек) ‒ 1) алгач селжук султандарынын мураскерлерин тарбиялоочулар. Көп учурда өзүнүн тарбиялануучусунун бийликке келиши менен регент аталып, айрым учурларда жаӊы династиялардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан; 2) 12‒13-кылымдардагы Жакынкы Чыгыштагы башкаруучулардын аталышы; 3) 13‒16-кылымдарда мамлюк султанатындагы египеттик аскер башчысы (кара: ошондой эле Аталык).