БРАЗИЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЗИ́ЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ , Т ү ш т ү к А м е р и к а п л а т ф о р м а с ы – Түштүк Америка материгинин басымдуу бөлүгүн ээлеп жаткан байыркы платформа. Ал батышынан Анд тоолору, чыгышынан Атлантика океаны менен чектелет. Бразилия платформасы бир нече калкан (Гвиана, Борбордук Бразилия, Чыгыш Бразилия), синеклиза (Амазон, Парана, Чубут, Санта-Крус ж. б.) жана антеклизадан (Түндүк жана Түштүк Бразилия) турат. Калкандар кембрийге чейинки мезгилдин гнейс, амфиболит, сланец, мрамор жана кварциттеринен, синеклизалар палеозой, мезозой, кайнозой замандарында пайда болгон континенттик чөкмө тектерден түзүлгөн. Платформанын фундаментинен полиметалл, калай, вольфрам, сурьма, алтын, темир ж. б. кендер, чөкмө тектердин арасынан нефть, таш көмүр, таш туз ж. б. табылган.