БРАЗИЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЗИ́ЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ , Т ү ш т ү к А м е р и к а п л а т ф о р м а с ы – Түш. Америка материгинин басымдуу бөлүгүн ээлеп жаткан байыркы платформа. Ал батышынан Анд тоолору, чыгышынан Атлантика окаены м-н чектелет. Б. п. бир нече калкан (Гвиана, Борб. Бразилия, Чыг. Бразилия), синеклиза (Амазон, Парана, Чубут, Санта-Крус ж. б.) ж-а антеклизадан (Түн. ж-а Түш. Бразилия) турат. Калкандар кембрийге чейинки мезгилдин гнейс, амфиболит, сланец, мрамор ж-а кварциттеринен, синеклизалар палеозой, мезозой, кайнозой замандарында пайда болгон континенттик чөкмө тектерден түзүлгөн. Платформанын фундаментинен полиметалл, калай, вольфрам, сурьма, алтын, темир ж. б. кендер, чөкмө тектердин арасынан нефть, таш көмүр, таш туз ж. б. табылган.