БРАУНИТ
БРАУНИ́Т (нем. илимпозу М. Браундун ысмынан) – татаал кычкылдардын тобуна кирүүчү минерал. Хим. формуласы Mn2+ Mn63+ SiO12. Тетрагон сингониясында кристаллданат. Өӊү кара. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6–6,5. С. салм. 4,7–5,0. Гидротерм тарамында, марганец кычкылына бай метаморфизмделген чөкмө тоо тектерде ж. б. кездешет. Б – марганец кен ташын (рудасын) пайда кылуучу негизги минерал.