БРАХМАНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАХМАНИ́ЗМ – инди калкындагы жерг. сыйынуулардын индарий уруктарындагы веда динине ыӊгайлашуусунун натыйжасында жаралган индуизмдин калыптанышынын 2-баскычы (б. з. ч. 1-миӊ жылдык). Кудайлары: Брахма – дүйнөнү жаратуучу, Вишну ж-а бүлдүргүч Шива. Б-дин негизин табияттын жандуу нерселери улам жаӊы түргө айланып, кайрадан тирилип турат деген түшүнүк түзөт. Жандын башка түргө өтүшү өткөн жашоодогу жакшылыктарына же күнөөсүнө жараша болгон. Эгер күнөөсүз болсо, коомдо жогорку даражадагылардын катарына кирген адамга, тескерисинче болсо, анда коомдун төмөнкү катмарындагыларга, ал гана эмес жан-жаныбарларга же өсүмдүккө айланган. Б-де адамдын жүрүм-турумунуна баа берүүнүн критерийи – дхарманы (Брахма тарабынан ар бир варна үчүн белгиленген жашоо сыпаты) сактоо же тескерисинче бузуу эсептелген. Буддизмдин таасири м-н б. з. 1-миӊ жылдыгында Б. индуизмдин пайда болушуна негиз болгон.