БРЕСТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕСТ (1921-жылгы чейин Брест-Литовск, 1939-жылга чейин Брест-над-Бугом) – Беларуссиядагы шаар. Брест облусунун административдик борбору. Мухавец дарыясынын Батыш Буг дарыясына куйган жеринде, Беларуссия менен Польшанын чек арасында жайгашкан. Калкы 344,0 миӊ (2018). Дарыя порту (Днепр–Буг жолунун башталышы) жана темир жол тоому. Брест аркылуу Берлин – Варшава – Москва автомагистралы өтөт. Электр-техника, машина куруу (газ аппаратура), жеӊил (байпак комбинаты, килем нооту бирикмелери, тор, кийим тигүү фабрикалары), тамак-аш өнөр жайы өнүккөн. Эмерек, сувенир, тиричиликке керектүү химиялык буюмдарын, курулуш материалын чыгарат. Үч ЖОЖ, 2 театр, Брест чебин коргоо, край таануу ж. б. музейлери бар. Эл аралык фестивалдар (театр, кино) өткөрүлүп турат. 1017-жылдан (Берестье) белгилүү. 14-кылымдан Литва менен Польшанын, 1795-жылдан Россиянын, 1919–39-жылдары Польшанын курамында болгон. Архитектура эстеликтеринен – сепил, собор, кафедралуу собор, чиркөөлөр, темир жол вокзалы ж. б. сакталган.