БРЕТОНДУКТАР
БРЕТОНДУКТАР – Франциянын түн.-батышындагы Бретань обл-нда жашаган эл. Франциянын башка провинцияларында (Париждин чет жакасында ж-а Луара обл.), о. эле Аргентина, Канада, АКШда да жашашат. Калкынын жалпы

саны 6–8 млн (2014), а. и. Францияда 6–7 млн, Бретанда 3 млн. Бретон тилинде, көбүнчө француз тилинде сүйлөшөт. Негизинен католик динин тутушат. Алардын ата-бабалары – Бретань ж. а-нда жашаган байыркы кельт уруулары. Б-дын этностук негизин Британ а-нан (англсакстардан) 5–7-к-да жер ооп келген бриттердин кельт уруусу м-н аралашкан жерг. кельттердин тукумдары түзгөн. Б. мал чарбачылык, балыкчылык, бакчачылык м-н кесиптенишип, дубалдары граниттен ж-а сланецтен тургузулган, узун ж-а жапыз салынган, чатыры камыш же шифер м-н жабылган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар башына чепец (кээде жоолук) кийип, корсаж, кенен белдемчи, алжапкыч тагынышкан, чачын ж-а жакасын жиптен тор сымал токулган жасалгалар м-н кооздошкон. Эркектер кемсел, желет, көйнөк, кенен шым, башына баркыт тасма м-н кооздолгон, жазы кырбулуу шляпа кийишет. Тамак-ашы – эт, дан, картошка, деӊиз азыктары (балык, устрица ж. б.). Суусундук катары алмадан жасалган шарап ичишет.
Ш. Керимова.