БРИГАДА
БРИГА́ДА (фр. brigade, итал. brigata – топ, отряд) – 1) кургактагы аскерлерде бир нече батальон (дивизион) же полктон жана атайын аскер бөлүкчөлөрүнөн турган бирикме. Бригада мото аткыч (жөө аскер), танкалык, артиллериялык, инженердик, аба-десанттык, деӊиз жөө аскери ж. б. болуп бөлүнөт; 2) Аскер-деӊиз флотунда Бригада – бир класстагы аскер кемелеринин тактикалык бирикмеси. Чет өлкөлөрдө 16-кылымдын экинчи жарымынан киргизилген.