«БРИТАН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ»
«БРИТА́Н ЭНЦИКЛОПЕ́ДИЯСЫ», «Б р и т а н н и к а» – дүйнөдөгү эӊ эски, универсалдуу энциклопедиялардын бири. Анын 3 томдуу 1-басылышы 1768–71-ж. Эдинбургда, кийин Лондондо чыккан. Б. э-нын 9- (1875–89; 25 т.) ж-а 11- (1910–11; 29 т.) басылыштары бир кыйла дурус чыккан. Акыркы 24 томдуу 14-басылышы 1929-ж. башталган. Мындагы макалалардын көпчүлүгү кеӊири обзор түрүндө жазылган. 20-к-дын башында бул энциклопедияны чыгарууда англ. ж-а амер. авторлор биргелешип иштегендиктен, мазмуну б-ча британ-амер. энциклопедияга айланган. 40-жылдардын башталышынан «Б. э.» Чикагодо У. Бентондун жетекчилиги м-н чыгарылган. 1968-ж. «Б. э-нын» 200 жылдык юбилейине карата илимдин ар кандай тармактарын камтыган көлөмдүү макалалардан турган 3 томдук басылган. 1969-ж. Басма сөздө «Б. э-нын» жаӊы басылышын даярдоо ж-дө билдирүүлөр жарыяланган. 1974-ж. 30 томдуу 15-басылышы чыгарылган. О. эле бул басылмадан тармактык энциклопедиялар, сөздүктөр, балдар ж-а өспүрүмдөр үчүн (мис., «Комптон») энциклопедиялар жарык көргөн.