БРОНХОПНЕВМОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНХОПНЕВМОНИ́Я (бронх ж-а пневмония) – колко м-н өпкөнүн айрым бөлүктөрүнүн сезгениши. Мында өпкөнүн альвеолалары, эпителий клеткалары лейкоцит м-н эритроцит аралаш сары сууга толот. Көбүнчө мал (чочко, кой, музоо ж-а канаттуулар) ооруйт. Ал бронхиттин күчөп кабылдап кетишинен, о. эле гельминтоздордун кесепетинен пайда болот. Б. жугуштуу оорунун салдарынан болсо, ылаӊга чалдыккан малды өзүнчө сарайга бөлүп дарылоо жүргүзүлөт. Дарылоодо антибиотиктер, сульфаниламиддер колдонулат.