БИОМАССА
БИОМА́ССА (био... ж-а масса) – бир түрдүн особдорунун, түр топторунун же жамаатташтыктын мекендеген аймак бирдигине же көлөмүнө туура келүүчү жалпы массасы. Ал өсүмдүктө ф и т о м а с с а, жаныбарда з о о м а с с а деп аталат. Б. кургак же нымдуу заттын массасында (г/м2, кг/га, г/м3 ж. б.) же анын пропорциялуу бирдиктери м-н (көмүртек массасы же азот, орг. заттын
телосу ж. б.) туюнтулат. Ар кандай организм топторунун Б-сынын көлөмү жер бетинде, агын сууларда, көлдөрдө ар түрдүү болот. Анын аз же көп болушу өсүмдүк ж-а жаныбар түрлөрүнө, айлана-чөйрө шарттарына байланыштуу. Деӊиздеги өсүмдүктөрдүн Б-сы ал жерде жашаган жаныбарлардыкынан аз. Континент сууларындагы ж-а деӊиздериндеги Б-нын көпчүлүгү – балыктар үчүн баалуу азык. Техниканын өнүгүшүнөн улам азайып бара жаткан Б-нын көлөмүн көбөйтүү – биология илиминин маанилүү милдети.