БИООРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИООРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ (органикалык эмес биохимия) – орг. эмес заттардын тирүү организмдеги биол. өзгөрүү процесстерин изилдөөчү, бир жагынан биохимия м-н мол. биологиянын, экинчи жагынан координациялык кошулмалардын химиясы м-н кошулушунан пайда болгон илим. Негизинен организмде айрым биохим. функцияны аткаруучу белоктордун, нуклеин к-таларынын, липиддер ж-а металл иондуу төмөнкү молекулалуу табигый бирикмелердин комплекстерин изилдейт. Б. э. х-нын изилдөөсүнүн негизги багыты – биохим. реакциянын жүрүшүндө металлдын ролун аныктоо. Көптөгөн биол. процесстер айрым металл иондорунун таасиринде ишке ашат. Б. э. х. 1950-ж. металл белоктор, металл ферменттер ж-а биол. мембраналардын структурасын ж-а функциясын изилденгенден кийин өз алдынча илим тармагы болуп калыптанган. 20-к-дын аягы ж-а 21-к-дын башында Б. э. х-нын маанилүү багыты – сандык ж-а сапаттык м е т а л л о м и к а; сандык металломика клеткада металл иондорунун бөлүштүрүлүшүн изилдейт, экинчиси металл иондорунун концентрациясын аныктайт. Клеткадагы металл иондорунун өөрчүү процесстердин же сырткы таасирлердин таасиринде өзгөрүшүн салыштырма металломика изилдейт. Металл иондорунун нормадан жогорулашы же төмөндөшүнөн ар кандай патология өөрчүйт. Б. э. х-да координациялык кошулмалар химиясы, квант химиясы, табигый кошулмалар химиясы ж-а энзимологиянын түшүнүктөрү колдонулат. Б. э. х-нын практикалык мааниси металл комплекси м-н шартталган жаңы дары каражаттарын иштеп чыгуу ж-а синтездөөгө байланыштуу.