БИО-САВАР ЗАКОНУ
БИО́-САВА́Р ЗАКОНУ – электр тогу өтүүчү өткөргүчтүн айланасында пайда болгон магнит талаасынын чыӊалышын аныктоочу эреже. Законду 1820-ж. фр. илимпоздору Ж. Б. Био ж-а Ф. Савар ачышкан, кийин П. Лаплас (фр. окумуштуусу) аныктаган. Бул законго ылайык ток күчү I өтүүчү өткөргүчтүн элементи андан l аралыгында жайгашкан М чекитинде чыӊалуусу Н болгон магнит талаасын пайда кылат: Н=kIlsin/r2, мында – бул l м-н r дин арасындагы бурч, k-катыш коэфф-и. М чекитинде пайда болгон жалпы магнит талаасынын чыӊалышы Н ток өтүп жаткан өткөргүчтүн бардык элементтеринен пайда болгон чыӊалыштардын вектордук суммасына барабар:
n
i 1 i, мында n – өткөргүчтүн бирдей элементке бөлүнүү саны.