БИОТРОФТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:09, 18 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТРОФТОР (био... гр. trophe – азык, азыктануу) – тирүү организмдер менен азыктанган организмдер тобу. Аларга фитофагдар, зоофагдар жана мителер кирет. Алардын ичинде сапротрофтор өлгөн организмдердин, ошондой эле жаныбарлардын калдыктары менен азыктанат. Аларга бактериялар, актиномицеттер, ошондой эле коӊуздар, чымындар, курттар (сөөлжан), куштар (карга, кузгун), сүт эмүүчүлөр (гиена) кирет. Суудагы сапротрофтор сууну биологиялык жактан тазалоого катышат, топурак кыртышын семирткенге көмөктөшөт.