БИОФИЗИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 18 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОФИ́ЗИКА, б и о л о г и я л ы к ф и з и к а – организмде өтүүчү физикалык жана физикалык-химиялык процесстерди, организмдердин ультра-түзүлүшүн изилдөөчү илим. Биофизиканын өнүгүшү биологиянын ыкмалары, физика, математика жана химия менен тыгыз байланышта. Биологиянын өнүгүшү менен биологиялык жөнөкөй кубулуштарды түшүнүү үчүн так илимдердин ыкмалары керек экендиги билинген. Азыркы Биофизиканын Эл аралык теория ж-а колдонмо Биофизика уюму тарабынан кабыл алынган (1961) негизги тармактары: молекулалык Биофизика – организмди түзгөн макромолекулалардын же алардын комплекстеринин физикалык жана физикалык-химиялык касиеттерин, аларда өтүүчү процесстердин өз ара таасирлерин, к л е т к а л ы к Биофизика – клетканын функциясынын физикалык-химиялык негизин, мембраналар менен клеткалык органеллалардын түзүлүшү менен функцияларынын байланыштарын, клеткада өтүүчү процесстердин энергетика менен термодинамикасын, механикалык жана электрдик касиетин изилдейт. Башкаруу жана жөнгө салуу процесстеринин Биофизикасы организмдеги башкаруу системалардын ички байланыштарын изилдейт жана моделдейт, алардын физикалык негизин аныктайт. Булардан тышкары Биофизика физикалык факторлордун, иондоштуруучу нурлануунун организмге тийгизген таасирин изилдеп, сезүү органдарынын ишин ж. б-ды физикалык анализдейт.
Ад.: Биофизическая химия / Пер. с анг., т. 1-2, М., 1981.