ВАЛУА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛУА́ – Франциядагы королдор династиясы (1328–1589), Капетингдердин бир бутагы. Валуа графтыгынын атынан аталган. Негиз салуучусу – француз королу Филипп IV Сулуунун иниси, Карл В. Карл XI В-нын тушунда Франциянын аймагы бириктирилип, королдук бийлик күчөгөн ж-а француз абсолютизми калыптана баштаган. Династиянын акыркы өкүлү Генрих III өлтүрүлгөн соӊ (1589), анын мураскери жок болгондуктан, В. династиясы үзүлгөн, ал эми француз таажысы Бурбондорго өткөн.