БИРИККЕН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИККЕН КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нунда, Бириккен кыш-нан 1,2 км батышта, Бириккен сайынын боюнда, деӊиз деӊг. 1145–1247 м бийиктикте. Кен 1985-ж. чалгындалган. Пайдалуу кум-шагыл катмары антропоген мезгилиндеги аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Шагыл жакшы жумуруланган гранит, гранит-сиенит, диорит, акиташ ж-а кумдук тектеринин сыныктарынан турат. Гранулометриялык курамында кесек шагыл – 32,33%, шагыл – 51,48%, кум – 14,61%ке чейин. Шагылды талкалап майдалагандан кийин бетон куюуга пайдаланса болот. Запасы А категориясы б-ча 866 миӊ м3, В–1777 миӊ м3, С1– 4816 миӊ м3.

Араб акчасы.