БИРИНЧИ МАЙ (Ысык-Ата районундагы кыштак)
БИРИНЧИ МАЙ, Т у ю к - Б о г о ш т у – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу. Туюк-Богошту суусунун (Ат-Башы суусунун сол куймасы) оӊ өйүзүндө, деӊиз деӊг. 2306 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыш-нан 30 км түш.-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Кыштак 1934-ж. негизделген. Калкы 1001 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, китепкана бар.