БИР КАЛЫПТАГЫ КЫЙМЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 18 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР КАЛЫПТАГЫ КЫЙМЫЛ – убакыт бирдик ичинде бирдей жолду басып өткөн кыймыл. Бул учурда кыймыл турактуу ылдамдыкта болот, v=s/t=const, мында s – өткөн жол, t – убакыт. Катуу нерсе бир калыпта алга умтулуучу, айланма жана буралма кыймылда болот. Алга умтулуу кыймылында нерсенин бардык чекиттери бирдей кыймылдайт жана ылдамдыгы барабар. Айланма кыймылда – айлануу огунда жатпаган нерсенин чекиттери тийиштүү айлана боюнча, айлануу огу окту бойлото, ал эми алга умтулуу кыймылында болсо, нерсе буралма кыймылда болот.