БИР КЛЕТКАЛУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР КЛЕТКАЛУУЛАР – денеси бир клеткадан турган организмдер. Буларды микроскопсуз жөнөкөй көз м-н көрүүгө болбойт. Өсүмдүк дүйнөсүндөгү Б. к. – п р о т о ф и т т е р, ал эми жаныбарлардыкы п р о т о з о а деп аталат. Алар бөлүнүү ж-а жыныс жолу (коньюгация) м-н көбөйөт. Бактериялар, балырлар м-н кээ бир козу карындардын, жөнөкөйлөрдүн көпчүлүгү Б. к., булар сууда, топуракта ж-а организмдерде (мителер) жашайт. Жаныбар ж-а өсүмдүктө жашагандары аларды жабыркатат.