БИРМИНГЕМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́РМИНГЕМ – Улуу Британиядагы шаар (адм. округ), Уэст-Мидлендс метрополитен графтыгынын адм. борбору. Калкы 1,2 млн (2019). Өлкөдө элинин саны б-ча 2-орунда (Лондондон кийин). Тегерегиндеги «Каралар өлкөсү» деп аталган шаар м-н кошо өнөр жайлуу Уэст-Мидлендс конурбациясын түзөт. Өлкөдөгү оор өнөр жайынын башкы борборлорунун бири. Автомобиль, самолёт куруу, электр-тех., станок куруу, металл иштетүү, түстүү металлургия, резина өнөр жайы өнүккөн. Шаарга жакын көмүр бассейни жайгашкан; ун-т бар. Готика стилиндеги чиркөө (13-к.), классицизм стилиндеги собор ж-а ратуша (18–19-к.) сакталган. Б. з. 1-к-нда негизделген.