БИТИР
БИТИР – орозону жыйынтыктоо учурунда ар бир мусулман пендеси бере турган садага. Куран боюнча Битир берүү мусулмандардын ыйык милдеттеринин бири. Орозо кармаганына же кармабагандыгына карабастан, мусулман үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн Битир орозо айтка чейин төлөнгөн. Анын өлчөмү (4 кадак буудайдын баасы, б. а. 1 кг 610 г) жыл сайын буудайдын баасына жараша жергиликтүү мечит тарабынан белгиленет. Битирдин эсебинен негизинен колунда жок жакыр, жетим-жесир жана багар-көрөрү жок адамдарга жардам берилет.