БИТУМДУУ ТОО ТЕКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИТУМДУУ ТОО ТЕКТЕР – курамында битуму бар ар түрдүү чөкмө тоо тектер. Битумдар тоо тектердин жаракаларында, көзөнөкчөлөрүндө болот; көп учурларда чополорго, кумдуктарга тегиз сиӊип калат. Өӊү кара күрөӊ ж-а кара. Битумдуу акиташ тектери коргошун, нефть ж-а газ кендери үчүн чөйрө болот. Жез, уран, молибден, ванадий сыяктуу элементтердин кендери битумдуу кумдуктар м-н сланецтердин арасында кездешет. О. Азияда Б. т. кембрий, ордовик, девон ж-а карбон мезгилдеринде пайда болгон тоо тек катмарларында бар.