«БИШКЕК БАЙПАК»
«БИШКЕК БАЙПАК» – акционердик коом (1992). 1941-ж. эвакуацияланып келген Харьков трикотаж ф-касынын жабдууларынын базасында Аламүдүн байпак ф-касы катары негизделген. Адегенде фронт үчүн кийим-кече (чылгоо, ичкийим) чыгарган. 1942-жылдан байпак чыгара баштаган. 1945-ж. ичинде эле кеӊири ассортименттеги ж-а ар түрдүү материалдан жасалган 5 млн жуп байпак чыгарууга жетишкен. 1970–72-ж. реконструкцияланган. 1983-ж. Фрунзеде жаӊы байпак ф-касы курулган. 1984-ж. 1-январда Аламүдүн өндүрүштүк бирикмеси болуп кайрадан уюшулган. 1989-ж. Фрунзе байпак ф-касы Аламүдүн бирикмесинен өзүнчө бөлүнүп чыгып, «Бишкек Байпак» АК болуп түзүлгөн. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 8360,0 миӊ жуп байпак (2001). Ар түрдүү материалдардан кеӊири ассортименттеги байпактарды чыгарат. Ишкана эл аралык көргөзмөлөрдүн, жакынкы ж-а алыскы чет өлкөлөрдөгү ярмаркалардын көп жолку катышуучусу, Улуттук өнөр жай ассоциациясынын Алтын медалына татыган (2003).