«БИШКЕК КЕНДИР ФАБРИКАСЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:41, 3 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БИШКЕК КЕНДИР ФАБРИКАСЫ» – ачык акционердик коом (1996). Кендир кездеме, килем буюмдар үчүн жип жана ар кандай кендир материалдарын чыгарат. 1941-жылы Одессадан көчүрүп келген Хворостин атындагы жут фабрикасынын негизинде түзүлгөн. 1946-жылы реконструкцияланган. Жут продукциялары экологиялык жактан таза жана Орто Азия рыногунда өзгөчө орунду ээлейт. Ишкана эл аралык стандартка ылайык таӊгактоо каражаттарын чыгарууга жөндөмдүү. Ишканада ар түрдүү продукция чыгарууга адистешкен ар кыл кесиптеги адистер эмгектенет.