БИШКЕК ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКА АКАДЕМИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:41, 23 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ФИНА́НСЫ-ЭКОНО́МИКА АКАДЕМИЯСЫ – жогорку окуу жайы. 1994-жылы уюшулган Финансы-экономика кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо эл аралык борборунун базасында 1997-жылы ачылган. Окуу жайынын башкы багыты – кесиптик ишмердүүлүктө экономикалык билимди тереӊ айкалыштыруу. Ал финансы, экономикалык, бухгалтердик эсеп, менежмент, сервис жана туризм боюнча динамикалуу өнүгүп жаткан ЖОЖ болуп саналат. Академияда жогорку квалификациялуу окутуучулар, ошондой эле чет өлкөлүк адистер да эмгектенет. Окутуу «бакалавр» (окуу мөөнөтү 4 жыл), «дипломдуу адис» (окуу мөөнөтү 5 жыл) жана 2 жылдык «магистр» адистиктери боюнча жүргүзүлөт. Окутуу формасы күндүзгү жана сырттан окуу. Бул окуу жайы республиканын башка ЖОЖдорунун арасынан биринчилерден болуп эл аралык коомдук кесиптик аккредитациядан өтүп, САMEG уюмунун экономика жана бизнес боюнча билим берүүнүн сапат дипломуна татыктуу болгон. Академия билим берүүнүн методикалык жетишкендиктерин, технологияларын, азыркы жаӊы жабдууларын ЖОЖдорго жайылтуу жана камсыз кылуу, студенттер менен окутуучуларды тажрыйба алмаштырууга жиберүү максатында эл аралык фондулар жана чет өлкөлүк окуу жайлары менен кызматтык байланыштарды түзгөн. Студенттерге Москвадагы Эл аралык бизнес жана башкаруу университетинен билим алуу (дистанттык формасында) жана РФтин мамлекеттик үлгүсүндөгү дипломун алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Бүтүрүүчүлөрдү практикалык иш жана жумуш менен камсыз кылууда жардам көрсөтүү борбору ачылган. Академиянын алдында финансы жана экономика коллежи иштейт.
Ш. Эгембердиев.