БЛАГОВЕЩЕНСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 23 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛАГОВЕ́ЩЕНСК – Россия Федерациясындагы шаар (1858-жылдан). Амур облусунун административдик борбору. Амур дарыясына Зея дарыясы куйган жердеги порт. Темир жол бекети. Калкы 216,6 миӊ (2012). Машина куруу (тоо-кен жана алтын өнөр жайы үчүн жабдуу, кеме куруу ж. б. заводдор, электр приборлор өндүрүшү), жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы, 4 ЖОЖ, 2 театр, край таануу музейи бар. 1856-жылы Усть-Зейский аскер порту катары негизделген.