БЛИНДАЖ
БЛИНДА́Ж (фр. blindage; blinder – калкалап жабуу дегенден) – өздүк курамды пулемёттун, артиллериянын, миномёттун огунан жана массалык кыргын салуучу куралдан коргоочу жай (жертөлө). Блиндаж темир-бетон, жыгач, таш, топурак, ошондой эле өнөр жай конструкцияларынан курулат. Биринчи (1914–18) жана (1939–45) экинчи дүйнөлүк согуштарда Блиндаждар көп курулган.