БОБСЛЕЙ
БОБСЛЕ́Й (англ. bobsleigh) – Бобслей же боб деп аталган башкарылма чанада атайын жасалма тоодогу тик муз жол менен тез түшүү. Чананын формасы сүйрү, бүтүндөй темирден жасалган чанагы (кузов) эки жуп сыйгаланма конькиге бекиген – кыймылдуу алдыӊкысына руль бекийт жана арткысы кыймылсыз, токтоткуч (тормоз) орнотулган. Чана 2 орундуу (узундугу 2,7 м, салмагы 165 кг) жана 4 орундуу (3,8 м, 230 кг) болот. Бобслей алгач 19-кылымдын аягында Швейцарияда пайда болгон, көп өтпөй анын эрежелери иштелип чыгып, Санкт-Морицеде (1902) алгачкы трасса курулган. Биринчи мелдешке аялдар жана эркектер катышкан, 1900-жылдан эркектер гана катышат. Бобслейдин жана тобоггандын Эл аралык федерациясы (1923-жылы уюшулган) 40тан ашык улуттук федерацияны камтыйт (2005). Ал Швейцария, АКШ, Италия, Швеция, Германия, Польша жана Россияда өнүккөн.
