БОВЕ
БО́ВЕ Осип (Иосиф) Иванович (1784–1834) – орус архитектору. Ампир өкүлү. Сүрөтчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Москва архитектура мектебинен окуган (1802–07). 1812-жылдагы өрттөн кийин Москваны калыбына келтирүү комиссиясынын башкы архитектору. Бовенин катышуусунда Кызыл аянт реконструкцияланган. Театр аянты Чоӊ театр менен (1821–24), Александр багы (1820–22), Салтанат дарбазасы (1827–34), шаардык 1-оорукана (1828–32) анын долбоору боюнча курулган.

(1828–32).