БОВЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ВЕ Осип (Иосиф) Иванович (1784–1834) – орус архитектору. Ампир өкүлү. Сүрөтчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Москва арх-ра мектебинен окуган (1802–07). 1812-ж. өрттөн кийин Москваны калыбына келтирүү комиссиясынын башкы архитектору. Б-нин катышуусунда Кызыл аянт реконструкцияланган. Театр аянты Чоӊ театр м-н (1821–24), Александр багы (1820–22), Салтанат дарбазасы (1827–34), шаардык 1-оорукана (1828–32) анын долбоору б-ча курулган.

О. И. Бове. Москвадагы 1-шаардык оорукананын имараты
(1828–32).