БОГОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГОК а д а м д а – калкан сымал бездин шишип чоӊоюшу. Мында бездин кызматы бузулуп, организмдин жалпы абалы начарлайт. Сырттан караганда моюндун алдында томпоюп шишигенсип байкалып турат. Анын бир нече түрү бар. Эндемиялык Б. тоолуу р-ндордо жашаган элде учурайт. Оорунун пайда болушуна сууда, топуракта ж-а абада иоддун жетишсиздиги бездин иштешин начарлатып, тироксин гормонун аз бөлүп чыгарат (гипотиреоз). Бул балдарда өтө оор психикалык ж-а дене түзүлүшүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн. Калкан сымал без кээде өтө чоӊоюп кекиртекти, кан тамырларды ж-а нервдерди кысат. Эндемиялык Б-тун себебин табуу, аны дарылоо чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Кырг-нда ага каршы чараларды жүргүзгөндөн (1955-жылдан) кийин ал оору кыйла азайган. Эндемиялык Б-ту алдын алууда ичилүүчү сууну коргоо, туура тамактануу, санит.-гигиеналык шартты жакшыртуу, иоддолгон туз пайдалануу жакшы натыйжа берет. Диффузиялык ууландыруучу Б-то (Базедов оорусу) без абдан чоӊоюп, функциясы күчөйт (гипертиреоз). Б-тун бардык түрүн врач ар кандай дары ж-а гормон м-н дарылайт. Керек учурда хирург. операция жасалат.