БОДЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОДЛЕ́Р Шарль Пьер (9. 4. 1821, Париж – 31. 8. 1867, ошол эле жер) – француз акыны ж-а жазуучу. Француз символизмине чыйыр салган. Чыгармалары 1840-жылдын орто ченинен жарыялана баштаган. Ал Э. Понун «Жасалма бейиш» (1860) китебин которгон. О. эле романтикалуу живопись ж-дөгү сериялардын, күндөлүк дептерлердин, «Сыр ачкан жүрөк» (1855– 66), «Каргашалуу гүлдөр» (1857), «Кара сөздөгү ырлар» (1869), «Париждеги маанай чөгүү» аттуу чыгармалардын автору. Аталган чыгармаларында Б. коомдогу зомбулук м-н наадандык сыяктуу терс көрүнүштөрдү ачып берген. 19-к-дын аягы 20-к-дын башында модернизмдин алгачкы жышааны катары маданий чөйрөдө аны «каргыш тийген акын» деп аташкан. Романтизмдин
элементтерин бириктирүү м-н катар символизмдин негизинде «Парнас» мектебин ачкан. Б. романтикалык поэзияны өркүндөтүүдө үн м-н ыргакты айкалыштырууда өзгөчө басым жасаган. Анын чыгармаларын П. Ф. Якубович, И. Ф. Анненский, В. Я. Брюсов, Вяч. И. Иванов, ж. б. орус тилине которгон.
Ж. Медералиева, К. Качкынбаева.