МУЗЫКАЛЫК СОЦИОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК СОЦИОЛОГИЯ – коом менен музыка өнөрүнүн байланышын изилдөөчү илим. Илимий музыкалык социология музыка менен коомдун карым-катнаш мыйзам ченемдүүлүгүн үйрөнөт, анын түрлөрүн аныктайт. Эмпирикалык музыкалык социология музыкалык турмуштун конкреттүү бөлүктөрүн жалпылайт, тактайт. Музыкалык социология музыка өнөрүнүн маселелерин чечүү, башкаруу тажрыйбасына кызмат кылып, анын өнүгүү багыттарын аныктоого негиз болот. Музыкалык социология XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында калыптанган.