МУЗЫКАЛЫК ТЕКСТОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 14 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК ТЕКСТОЛОГИЯ (латынча textus – байланыш, кошулуу; грекче logos – сөз, билим) – композиторлордун кол жазмаларын, көзү тирүү кезинде жарык көргөн чыгармаларын изилдеп үйрөнгөн музыкалык тарыхый илим; музыка таануу илиминин бөлүгү. Музыкалык текстология негизинен экиге бөлүнөт: бири музыкалык чыгармаларды басып чыгарууга даярдаса, экинчиси анын жаралыш тарыхын үйрөнөт, изилдейт.