БОЗБЕЛ
БОЗБЕЛ – Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы орто ж-а соӊку о. кылымдарга таандык көрүстөндөр, маркумга арнап орнотулган эстеликтер жайгашкан жер. Көрүстөндү казуу учурунда маркумдун сөөгүнүн жанынан ат жабдыктары ж-а тамак азыктарынын калдыктары, о. эле жаа ж-а жебе сыныктары табылган. Б. алгач 1990-ж. К. Табалдиев тарабынан казылып, изилденген. Анын айрым жерлери курулуш үчүн чопо-топурак алууда бузулган.
К. Табалдиев.