БОЗ-УЧУК
БОЗ-УЧУК , Н о в о в о з н е с е н о в к а – Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы кыштак. Боз-Учук айыл округуна караштуу. Боз-Учук суусунун ж-а Каракол – Сары-Жаз автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 1730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол ш-нан 21 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 253 км. Калкы 3152 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, Боз-Учук соода-өндүрүш фирмасы, сүт заводунун бөлүмү, мад-т үйү, клуб бар. Кыштакка жакын «Алтын-Булак» жылуу суу м-н дарылануучу жай иштейт.