БОЙЛЬ-МАРИОТТ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЙЛЬ-МАРИО́ТТ ЗАКОНУ – газдын негизги закондорунун бири. Бул закон б-ча турактуу темп-рада (Т), берилген массадагы идеалдык газдын көлөмү (V) анын басымына (Р) тескери пропорциялаш, б. а. PV=const. Законду бир бири м-н байланышсыз англис ж-а француз окумуштуулары Р.Бойль (1662-ж.) м-н Э.Мариотт (1676-ж.) аныкташкан. Бул законго ылайык жүрүүчү процесс изотерма процесси деп аталат. Закон идеалдык газ үчүн так аткарылат.