БОКИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:44, 25 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОКИН Токаш (25. 4. 1890, Жети-Суу облусу, Верный уезди, 6-айыл – 19. 9. 1918, Алматы) – Жети-Суудагы 1916-жылкы казак элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүн уюштургандардын бири. 1891–1906-жылдары Верный шаарындагы гимназиядан билим алган. 1914-жылга чейин Верный уездинин сот органдары менен жер которуу башкармалыгында тилмеч болгон. 1914–16-жылдары Санкт-Петербург шаарында сот палатасында кызмат өтөгөн. Бул мезгилде падыша өкмөтүнө каршы ар кандай саясий уюмдардын программалары менен таанышат. 1916-жылы элине келген. Бокин казак калкынын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн

Бокарев Иван Василевич

Жети-Суу аймагындагы жетекчилеринин бири болгон. 1917-жылы большевиктер менен жакындашып, Жети-Суу облусунда Совет өкмөтүн орнотууга жигердүү катыша баштаган. Ал 1918-жылы 2–13-январда Жети-Суу облусунун эмгекчилер депутаттарынын 2-съездине катышат, андан соӊ, Жети-Суу согуш-революция комитетинин мүчөлүгүнө шайланат. Саясий күрөштүн курманы болгон.