БОККАЧЧО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:47, 25 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОККА́ЧЧО Жованни [1313, Чертальдо (Тоскана облусу) же Флоренция –21.12.1375, Чертальдо] – италиялык жазуучу. Кайра жаралуу доорундагы гуманисттик адабиятты баштоочулардын бири. Ал латын жана грек тилдерин билген. Антикалык мифологиянын сюжеттерин пайдаланып жазган поэмалары, «Фьяметта» (1343) психологиялык повести, пасторалдары, сонеттери бар. Учкул ойлуу, күлкү-тамашалуу «Декамерон» аттуу көрүнүктүү чыгармасында ал италия коомунун турмушун кеӊири сүрөттөйт. Бул чыгармасы элдик анекдот, уламыш, оозеки аӊгемелердин негизинде өз алдынча новеллалар катары жазылган. Китептин негизги пафосу – католик чиркөөсүн жана дин кызматчыларын шылдыӊдоо. Анын чыгармалары Италиядагы Кайра жаралуу доорундагы маданияттын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизип, анын новеллалары бүткүл Европа адабиятында реализмди калыптандырууга салым кошкон. «Кузгун» поэмасы (1354–55), «Данте Алигеринин өмүрү» (1360, 1477-жылдары жарык көргөн) ж. б. китептердин автору.