БОЛИВАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 25 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛИ́ВАР Симон (24. 7. 1783, Венесуэла, Каракас – 17. 12. 1830, Колумбия, Санта-Марта) – Америкадагы Испания колонияларынын көз каранды эместиги үчүн күрөштүн жетекчилеринин бири. Жаш курагын Европада өткөргөн. Мекенине кайтып келген Боливар Венесуэлада испан үстөмдүгүн кулатып, аны республика (1811) деп жарыялоого активдүү катышкан. Республиканы испандыктар кыйраткан соӊ Жаӊы Гранадага (азыркы Колумбия) кетет. 1813-жылы Боливардын аскерлери Каракасты алып, өзү башында турган 2-Венесуэла республикасын түзөт. 1813-жылы Венесуэланын Улуттук конгресси тарабынан «Боштондукка чыгаруучу» деп жарыяланган. Бирок, ал 1814-жылы жеӊилүүгө учурап, мекенин таштап кетүүгө аргасыз болот. 1816-жылы Боливардын аскерлери кайрадан Венесуэлага келишет. Анын кулчулукту жоюу (1816) жана аскерлерге жер бөлүп берүү (1817) декреттери жалпы элдин колдоосуна ээ болот. 1819-жылы Боливардын аскерлери Жаӊы Гранаданы бошотуп, курамына Венесуэла жана Жаӊы Гранада кирген Улуу Колумбия Республикасын түзөт. Боливар анын президенти болуп шайланат. 1824-жылы Боливар Перуну испандыктардан бошотуп, Жогорку Перуда анын урматына аталган Боливия Республикасын башкарып калат. Латын америкалык жаш мамлекеттерди бириктирүүгө аракеттенген Боливардын планы иш жүзүнө ашпай калат. Өлкөдө башталган сепаратисттик кыймылдар Боливардын бийлигинин кулашына алып келген жана анын натыйжасында 1830-жылы Боливар отставкага кетет.