БОЛИВИЯ
БОЛИ́ВИЯ , Б о л и в и я Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Бразилия, түштүк-чыгышынан Парагвай, түштүгүнөн Аргентина, түштүк-батышынан жана батышынан Чили жана Перу менен чектешет. Аянты – 1098,58 миӊ км2. Калкы 9,2 млн (2020); кээ бир маалыматтар

боюнча 11,6 млн. Расмий жана сот бийлигинин борбору – Сукре, анык борбору – Ла-Пас шаары (өкмөт жайгашкан). Мамлекеттик тили – испан, аймара, кечуа тилдери. Административдик-аймактык жактан 9 департаментке бөлүнөт. Акча бирдиги – боливиано. Б. БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Америка мамлекеттери уюмунун, Латын Америкасы интеграциялык биримдигинин, Рио-де-Жанейро тобунун мүчөсү.
Таблица бар
Боливия – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Улуттук Конгресс (Сенаторлор жана Депутаттар палатасы).
Саясий партиялары: Улуттук революциялык кыймыл, Социализм үчүн кыймыл, Солчул революциячыл кыймыл, Республикалык жаӊы күч.
Өлкөнүн 2/3 бөлүгүн дөӊсөөлүү түздүк ээлеп түндүк-чыгышты көздөй жайык дарыя өрөөндөрү жатат. Чыгыш жагы Пантанал ойдуӊуна өтөт. Батышы менен түштүк-батышында (аймагынын 1/3) Анд тоолору жатат. Тоолуу аймагынын басымдуу бөлүгүн тоо аралык Альтиплано платосу (бийиктиги 4500 мге чейин) ээлейт. Батыш Кордильерадан чыгышты карай Сахама тоосу (бийиктиги 6520 м) созулуп жатат. Альтиплано платосунун түштүк жагын бийиктиги 6020 мге жеткен Кордильера-де-Липес тоосу, чыгышты көздөй Борбордук Кордильера, анын ичинен Кордильера-Реаль (бийиктиги 6550 м – Боливия эӊ бийик чокусу, Анкоума тоосу) тоосу жатат. Тайпак тоонун климаты тропиктик бийик тоолуу, кургак (орточо айлык температурасы 3°Сден 11°Сге чейин, жылдык жаан-чачыны 150–600 мм). Анд тоолорунун чыгыш капталдарына ландшафттык бийиктик алкактуулугу (жаан-чачыны 2000 ммге чейин) мүнөздүї. Чыгышындагы түздүктөрдүн климаты тропиктик (айлык орточо температурасы 17°Сден 28°Сге чейин, жаан-чачын 800–1000 мм). Батышындагы дарыялары Альтипланонун ички алабына (Бени, Маморе, Гуапоре), Чыгышы Атлантика океанынын алабына кирет. Туздуу Койпаса көлүнө Баррас, Лаука ж. б. суулар куят. Боливияда суусу мол Бени, Маморе, Гуапоре дарыялары бар. Негизги дарыясы – Пилькомайо. Пантанал саздуу ойдуӊу менен Парагвай дарыясы агып өтөт. Өсүмдүктөрү түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай (чөл өсүмдүктөрүнөн гилеяларге чейин) өзгөрөт. Аянтынын 40%тен ашыгын баалуу жыгачтарга бай токой массиви ээлеп, дарактын 2 миӊден ашык түрү кездешет. Коргоого алынган 17,8 млн га жерде 36 корук бар, анын 12си улуттук парк, ирилери: Каа-Лья, Мадиди, Ноэль-Кемпфф-Меркадо; Исиборо-Секуре – Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.


Калкынын көпчүлүк бөлүгүн кечуа жана аймара индейлери түзөт. Алар Пуна бөксө тоосунда жана бийик тоолуу өрөөндөрдө жашашат. Орточо жыштыгы 1 км2ге 8,4 киши. Католик динин (95%) тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 61,8, аялдарыныкы – 66 жаш. Шаар калкы – 58%. Ири шаарлары: Санта-Крус, Кочабамба, Оруро, Потоси.
Боливиянын аймагында байыртадан эле индей уруулары жашап келген. 2–6-кылымдарда бул жерлерде өнүгүү жогорку деӊгээлде болгон. 4-кылымда аларды инктер багындырып алышкан. 1523–38-жылдары инктерди испандыктар басып алып, аймакты колонияга айландырган. 1542-жылдан Перу вице-королдугунун, 1776-жылдан Ла-Плат вице-королдугунун курамына кирип, Жогорку Перу аталып калган. Жогорку Перу Испаниянын Түштүк Америкадагы эӊ негизги экономикалык борбору эле. Потосидеги күмүш кени ал учурда дүйнөдөгү эӊ ири кен болгон. Кендерде индей-митайостор милдеттүү түрдө иштешкен. Индейлер колониячыларга каршы айыгышкан күрөштөрдү жүргүзүшкөн (Тупак Амарунун башчылыгы менен болгон көтөрүлүш өзгөчө белгилүү). 1810–26-жылдарда көз каранды эместик үчүн болгон күрөштүн натыйжасында Жогорку Перу С. Боливардын аскерлери тарабынан колониялык эзүүдөн кутулуп, 1825-жана анын урматына көз каранды эмес, Боливия мамлекети жарыяланган. 19-кылымдын ортосунан өлкөгө чет элдик, айрыкча англиялык капитал келе баштайт. 1879–83-жылдары Боливия Чили менен согушуп, аймагынын бир бөлүгүнөн ажырайт да Тынч океанга чыга албай калат. 19-кылымдын аягында Боливияда калай кендери ачылып, бирок аларды чет өлкөлүк монополиялар ээлеп алган. 1932–35-жылдары Боливия менен Парагвайдын ортосунда согуштун жыйынтыгында, Боливия Чако аймагында нефть чыгуучу жерлеринен ажыраган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ар түрдүү аскердик жана саясий топтор арасында бийлик үчүн узак жылдарга созулган күрөш жүргөн. 1952-жылы өлкөдө революция болуп, калай кендери мамлекеттештирилип, агрардык реформа жүргүзүлгөн. 80-жылдардын башында Боливияда саясий туруксуз абал өкүм сүргөн. 1985-жылы шайлоодон кийин өлкө президенттик башкарууга өткөн. 1993-жылы шайлоодо президенттикке талапкерлердин бири да жетиштүү добушка ээ боло албай, Улуттук конгресстин чечими менен Гонзало Санчес Бустаманте де Лосада президент болуп шайланган (2002-жылы кайра шайланган). Ал нефть жана газ тармактарын менчиктештирүүнү баштаган. 2003-жылы көпчүлүк боливиялыктар үчүн агрессор катары саналган, Чилинин аймагы аркылуу газды экспорттоого каршы башталган элдик көтөрүлүштүн жүрүшүндө президент өлкөнү таштап качып кетүүгө аргасыз болгон. Бийликке вице-президент К. Меса келген. 2004-жылы өлкөдө газ жана нефть боюнча элдик референдум өткөрүлүп, көпчүлүк добуш менен бул тармактар мамлекетке кайтарылган жана чет өлкөлөргө Перунун порттору аркылуу экспорттоло баштаган. 2005-жылы Меса кызматтан кетип, жалпы шайлоодо солчул синдикалист Эво Моралес Айма бийликке келген. Ал Боливиянын тарыхында өлкөнүн президенттик кызматын ээлеген биринчи индеец болгон. Боливияда демократиялык жана маданий революция башталып, саясий үстөмдүккө солчул радикалдык индеецтер, синдикалисттер жана «Социализмге карай кыймыл» партиясы ээ болгон. 2006-жылы Моралес өкмөтү мунай жана газ тармагын улутташтырган. 2009-жылы референдумда жаңы Конституция кабыл алынган. Жаңы конституцияга ылайык мамлекет экономиканын негизги тармактарын көзөмөлгө алып, газ ж. б. жаратылыш байлыктарын улутташтырган. Ошондой эле католик дини мамлекеттик дин статусунан ажырап, өлкөнүн түпкүлүктүү калкы – индейлердин укуктарын кеңейткен. Испан тилинен тышкары өлкөдөгү индей элдеринин тилдери расмий тил деп жарыяланган. Индей жамааттары өлкөнүн аймактары катары мыйзамдаштырылган. Азыркы учурда Колумбия жана Перу менен катар Боливия дүйнөлүк рынокко негизги кокаин ташуучу болуп эсептелет. БУУнун маалыматы боюнча өлкөдө кокаин плантацияларынын аянты 23 миң гектардан ашык. 2019-жылы шайлоодо Эво Моралес кызматтан кетип, 2020-жылдагы жалпы шайлоонун жыйынтыгы менен бийликке Луис Арсе келген.

Э к о н о м и к а с ы н ы н негизин тоо-кен өнөр жайы түзөт. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 22,3 млрд доллар (2004; АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 2600 доллардан туура келет. ИДПдагы өнөр жайдын үлүшү 33,2%, айыл чарбаныкы 15%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,8% (2004). Сурьма (2,3 миӊ т дүйнөдө 1-орунда), калай (13,2 миӊ т, дүйнөдө 5-, Латын Америкасында 2-орунда), күмүш (460 т, 10-орунда), вольфрам (474 т), висмут, Түштүк Америкадагы казылып алынган алтындын 10%. Жаратылыш газы (4,1 млрд м3, 2004), нефть (2,16 млн т) казылып алынат. 2004-жылы 3,9 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Ири өнөр жай борбору – Ла-Пас шаары. Анда тамак-аш, текстиль тигүү, булгаары-бут кийим, целлюлоза-кагаз, полиграфиялык, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Боливиянын аймагынын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасынын өнүгүшүнө


жараксыз. Айыл чарбага жарактуу жери 26,6%, анын ичинен 24,4% жайыт, 2% айдоо аянты. Айыл чарба продуктусунун 3/4 бөлүгүн жашылча өстүрүү берет. Негизги өсүмдүктөрү: соя, балкамыш, кофе, жүгөрү, шалы, күн карама, пахта, жемиштер (негизинен цитрус өсүмдүктөрү, банан). Гевея ширеси, хинна дарагынын кабыгы чогултулат. Антиплано платосунун айдөш капталдарында тектир дыйканчылыгы (жүгөрү, арпа, буудай, таруу, буурчак, картөшкө) өнүккөн. Бодо мал, кой, чочко бийик тоолуу райондорунда лама, альпака, кой асыралат. Ошондой эле айыл чарбасында наркотик өсүмдүктөрүн өстүрүү (Чыгыш Кордильеранын этегинде) маанилүү орунду ээлейт. Анын аянты 24 400 га (дүйнөдө 3-орунда). Өлкөнүн экономикасынын 50% наркобизнеске көз каранды. Темир жолунун узундугу 3519 км (2004), автомобилдики 53,8 миӊ км (анын ичинен 13 миӊ кми асфальтталган). Ички суу жолунун узундугу 10 миӊ км (Орьенте д.). Титикака көлүндө үзгүлтүксүз кеме жүрөт [Гуаки ж-а Пуно (Перу) портторунун ортосунда]. Газ куурунун узундугу 4,86 миӊ км, нефтиники 2,5 миӊ км, азык-түлүк ташылуучу куурдуку 1,6 миӊ км (2004). Боливияда 16 аэропорт, 3 улуттук, 11 чет өлкөлүк авиа компания иштейт. Сыртка жаратылыш газын, соя жана анын продуктуларын, түстүү металлдарды (калай, сурьма, вольфрам, висмут), цинк, коргошун, жез концентраттарын, алтын, иштетилбеген жыгач чыгарат. Сырттан машина жана анын жабдууларын, чийки зат жана полуфабрикат, химиялык товарларды, нефть, азык-түлүк алат. Негизги соода шериктештери: Бразилия (экспорт, импорт), АКШ (экспорт, импорт), Венесуэла, Аргентина, Перу (экспорт, импорт) жана Чили.
Боливияда алгачкы мектептери 16-кылымда пайда болгон. 1825-жылы республика орногондон кийин ак сөөктөр мектеби пайда болгон. 1874-жылы милдеттүү башталгыч билим жөнүндө мыйзам чыгарылган. 1955-жылы билим берүү жөнүндөгү реформага ылайык 7–14 жашка чейинки балдарды милдеттүү түрдө окутуу киргизилген. Китепкана, музей, опера-балет театрлары өнүгө баштаган. 18-кылымга чейин айрым тарыхый чыгармалар гана пайда болгон. Өлкө көз карандылыктан кутулгандан кийин гана (1826) Боливия адабияты европалык романтизмдин таасири астында өсүү жолуна түшкөн. Р. Х. Бустаманте, Н. Галиндо, Н. Агирре, Х. Х. Мора ж. б. ошол кездеги көрүнүктүү акын-жазуучулары болгон. Чыгармаларында индейлердин оор турмушу, эркиндикке болгон күрөшү ж. б. социалдык маселелери сүрөттөлгөн. Р. Хаймес Фрейре, Ф. Тамайо, Г. Рейнольдстун ырлары башкалардан музыкалуулугу менен айырмаланган. 20-кылымда проза жанры индихенизм багытында өнүккөн. Буга А. Аргедас, Х. Мендос, А. Сеспедес, Х. Лардын чыгармалары мисал боло алат. 19-кылымдан баштап сүрөт өнөрү, живопись, графика, архитектура өнүгө баштаган. Европалык стилдеги мекеме-ишканалардын, турак-жайлардын саны көбөйгөн. Таш жана кыштан (саман кошулган) курулган индейлердин «кинча» тибиндеги (каркас сыяктуу) храм, чиркөөлөрү сакталып калган. Сан-Франсиско (архитекторлор Х. Агустин, Ф. Чаваррия), Сан-Лоренсо (фасад,1728–44), Ла-Компанья (фасад, 1700–07) чиркөөлөрү бар. Ошол мезгилдеги мастерлер бир эле убакта архитектуралык жана скульптуралык милдетти аткарышкан. Кийин архитектура классицизм багытында өнүккөн. Потосидеги собор (1809–36, архитектор М. де Санауха), Ла-Пасдагы Өкмөт үйү (1853, 1883-ж. Кайра курулган, архитектор Н. дель Прадо) ири имараттарынын бири болгон. Чукисака, Потоси, Кольяо деп аталган үч Сүрөт борбору бар. Боливия Битти, Д. де Оканья, Д. Киспе, Д. Нуньеса, Ф. Мартинеса, Х. Пасторелло, Х. Франсискус сыяктуу ж.б. таланттуу сүрөтчүлөр живопись жанрына көбүрөөк көӊүл бурушкан. 1940–50-жылдары архитектура интернационал стилине өтө баштаган, кийин 1960–70-жылдары типтүү проектиге негизделген. Музыка өнөрүндө негизинен креоль жана индей салтын сактаган. Перу, Эквадор, Аргентинанын Түндүк-Батыш тарабындагы элдердин музыкасына жакын. Театрлаштырылган оюн-зоок фестивалдары көбүрөөк өткөрүлөт. «Диарио», «Пренса», «Расон», «Мундо», «Периодико опиньон» сыяктуу күн сайын чыгуучу көлөмдүү гезиттери, «Радио насьонал де Боливиа» радиостанциясы жана телекөрсөтүүсү (1970), өкмөттүк информациялык агентчиликтери бар.
Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка. М., 1958; Сашин Г. З. Боливия: Очерки новейшей истории. М., 1976.