БИШКЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК (1926-ж. чейин П и ш п е к, 1926–91-ж. Ф р у н з е) – шаар, Кыргыз Республикасынын саясий, экон., ил. ж-а маданий борбору; транспорттук башкы түйүн. Аянты 12,7 миӊ га. Калкы 1,1 млн (2020).

Бишкек ш-нда 4 адм.-айм. бирдик – Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов р-ндору, Чоӊ-Арык айылдары курамында (8,2 миӊ адам) ж-а Орто-Сай айылдары (4,5 миӊ адам) бар.

Табияты


. Шаар Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде, Чүй өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө, Аламүдүн ж-а Ала-Арча сууларынын шилендиси пайда кылган жантайыӊкы түздүктөн орун алган. Деӊиз деӊг. 750–900 м бийиктикте жайгашкан. Лёсс сымал кыртыш каптаган түздүк бара-бара түндүктү карай

Ак үй.
жантайып, Чүй д-нын жайылмасына кошулат. Б. тушта Чүй д-нын нугу Чүй өрөөнүнүн түн. жагына карай четтеп, шаардан 20 кмдей аралыктан өтөт. Чүй өрөөнүнүн Бишкек ш. туштагы жазылыгы 60 кмдей. Чүй өрөөнүнүн Бишкек ш. жайгашкан борб. бөлүгү г е о л о г и я л ы к с т р у к т у р а с ы б-ча кеӊдикке жакын багытта созулуп жаткан асимметриялык мегасинклиналь. Шаардын азыркы чеги Чүй синеклизасынын Бишкек ийилүүсү деп аталган түш. бөлүгүнө дал келет. Ийилүү палеоген-неогенде пайда болгон чөкмө-тектер м-н толгон. Алар палеозой фундаментинин үстүндө жатат. Палеозой тоо тек катмарлары 5000 мден ашык тереӊдикте (геофиз. маалыматтар б-ча) жатып, негизинен гнейс, кристаллдык сланец ж-а акиташ тегинен, о. эле эффузия тоо тектеринен турат. Үстүндөгү палеоген неоген тоо тек катмарларынын жалпы калыӊд. 4,5–5,0 км. Аларды төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон борпоӊ тоо тектердин калыӊ кабаты жаап жатат. Алар кой таштардан, арасында кум-шагыл ширелген майда жумуру таштардан, ар кандай бүртүктөгү кумдардын ж-а кумдуу чопонун кабатчалары м-н топторунан түзүлгөн аллювий-пролювий чөкмө тоо тектерден турат. Сейсмдик райондоштуруунун маалыматы б-ча шаар аймагы 9 баллдуу зонада жайгашкан. Шаардын аймагындагы 4 жерден 1500–2000 м тереӊдиктен бургулоо көзөнөгү аркылуу минералдуу ысык суу чыгарылган. Курамы хлорид-натрий кальцийлүү. Дарылык касиети бар. Муун, тери, ичеги-карын оорууларын дарылоодо пайдаланса болот. Бишкек ш. мелүүн алкактагы континенттик к л и м а т т у у аймактын түш. чегинде жайгашкан. Бир жылда орто эсеп м-н 322 күн (2000 саат) бою күн тиет. Күн эӊ көп тийген ай июль (332 саат), эӊ аз тийгени декабрь (126 саат). Абанын жылдык орт. темп-расы 10,2°С, январдыкы – 4,6°С, июлдуку – 24,5°С. 1930-ж. декабрда эӊ төмөнкү темп-ра (–38°С), 1983-ж. июлда эӊ жогорку темп-ра (43°С) катталган. Шаардын түш. бөлүгү түн. бөлүгүнөн 1–2°Сге жылуураак. Үшүк жүрүү жазында апрелдин ортосунда токтоп, күзүндө октябрдын ортосунан башталат. Бирок бул мөөнөттөр өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Шаарда нымдын негизги булагы – деӊиз м-н океандан алыс жайгашкандыктан, жаан-чачын аз болот. Жылдык жаан-чачындын орт. өлчөмү 409 мм. Көбү март – июль, жылдын кургакчыл мезгили (11%) июль – сентябрь айларына туура келет. Кар декабрдын ортосунан февралдын аягына чейин жатат. Жаан-чачындуу кыштагы кардын орт. калыӊд. 13 см, аз түшкөндөгү орт. калыӊд. 3–7 см. Бишкектин климатына тоо-өрөөн желаргысы мүнөздүү. Анын ылдамдыгы 2–3 м/секдан ашпайт. Ылдамдыгы 15 м/секга жеткен шамал негизинен батыштан согот ж-а жылына орто эсеп м-н 30дай жолу болот. Жылдын суук мезгилинде жылына орто эсеп м-н 30–40 күн шаарды жөө туман ж-а мунарык басып турат. Бишкек ш-нын негизги с у у а р т е р и я л а р ы мурда Ала-Арча ж-а Аламүдүн суулары болгон. Алар Б-тин аймагында тармактанган нуктар м-н түштүктөн түндүктү карай аккан. Шаар курулушунун кеӊири кулач жайышына байланыштуу алардын көптөгөн салаалары эки гана нукка бириктирилген. Суу агымын жөнгө салуу үчүн Б-тин түш. тарабындагы тоо этектеринде курулган суу сактагычтар ж-а көптөгөн сугат каналдары аркылуу шаар айланасындагы чарбалардын жерлерин ж-а шаар аймагын сугарууга пайдаланылат. Бишкектин ирригация системасына шаар аркылуу ар тарапка салынган арыктар м-н каналдар тармагы кирет. Шаар аркылуу Батыш ж-а Түш. Чоӊ Чүй каналдары өтөт. Б-тен түндүгүрөөктө Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы жайгашкан: бир бөлүгү шаардын аймагына кирет. Кара-Жыгач багында ж-а Бишкек Эркин экон. зонасынын аймагында көлмөлөр бар. 


Шаардын түш. бөлүгүнө түндүктүн кадимки боз топурагы мүнөздүү, түн. (төмөнкү) бөлүгүн боз шалбаа, шалбаа ж-а шалбаалуу-саздак топурактары каптап жатат. Табигый өсүмдүктөр шаардын чет-жакасындагы бош жерлерге гана мүнөздүү. Шаардын түн. бөлүгүнүн өсүмдүк эгилбеген бош жерлеринде камыш, жекен, ыраӊ чөп, көлмө ж-а суу жээктеринде жапайы тал, терек, сейрек жийде кезигет. Шаардын түш. жагында тоо этектеринин адырларында кургакчыл жерге мүнөздүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Адырлардын төмөнкү бөлүктөрүн эфемер-шыбактуу жарым чөл ээлейт.

Калкы


. Шаар калкынын саны 1999-ж. марттагы эл каттоо б-ча 762,3 миӊ адам болуп, респ-дагы калктын 15,8%ин түзгөн. Шаарда 1940-ж. 104,5 миӊ калк жашаса, 1950-ж. 218,0 миӊ, 1979-ж. 535,5 миӊ, 1989-ж. 619,9 миӊ калк болгон. 2005-ж. 896,3 миӊ калк жашап, анын 99,4% шаарда, 0,6% шаардын чет-жакасындагы Орто-Сай айылында жашайт. Эркектер жалпы калктын 47,9%ин, аялдар 52,1%ин түзөт. 2004-ж. үйлөнгөндөрдүн саны 4403 же болбосо 1000 кишиге эсептегенде 5,3; ажырашкандар 1724 же 1000

Шаардын борбордук бөлүгү.

кишиге эсептегенде 2,1 адамды түзгөн. 2005-ж. Бишкек шаардык кеӊеши б-ча 1000 адамга төрөлгөндөрдүн саны 18,0; өлгөндөрдүн саны 7,4; табигый өсүш 10,6 миӊди түзүп, төрөлгөн 1000 баланын (1 жашка чейинки) 29,6сы өлүмгө дуушар болгон. 2003-ж. шаар б-ча жалпы калктын 23,0% эмгек жашына жете электер, 66,9% эмгекке жарамдуу, 10,1% улуу муундагы адамдар.

Тарыхы.


Азыркы шаардын аймагына адамдар эӊ байыркы заманда эле отурукташкан. Аламүдүн ГЭСтеринин жанынан табылган таш эмгек куралдары Бишкектин айланасында алгачкы адамдар б. з. ч. 5–4-миӊ жылдыктарда жашагандыгын далилдейт.
Темир доорунун башталышы м-н Кырг-н аймагында сак (б. з. ч. 7–3-к.) ж-а усун (б. з. ч. 3-к. – б. з. 5-к.) уруу союздары түзүлгөн. Бул уруу союздары Аламүдүн, Ала-Ача сууларын бойлото да отурукташкан. Буга кийинки мезгилге чейин сакталып калган дөбө-мүрзөлөр далил болот. О. кылымда Аламүдүн ж-а Ала-Арча сууларынын алабын көчмөн ж-а отурукташып дыйканчылык кылган түрк уруулары мекендеген. О. кылымдагы эӊ ири шаарлардын бири азыркы Бишкек шаар чалдыбары (7–12-к.) болгон. Татаал планда салынып, бекем чеп курулмаларынан турган бул шаар 25–30 км2дей аянтты ээлеген (Бишкек-1 бекетинин ж-а мурунку Ключевой, Кызыл-Аскер айылдарынын аймагы). Кийин «Темир усталар чеби» аталып калган дагы бир байыркы чоӊ шаар (8–13-к.), азыркы Абдумомунов ж-а Орозбеков көчөлөрүнүн, Кара-Жыгач багы м-н Аламүдүн суусунун ортосунда жайгашкан. Шаардын борбору кокондуктардын мурдагы чеби Бишкек чебинин аймагында (Аламүдүн суусунун сол жээги, кийин «Темир усталар чеби» деп аталып калган шаар чалдыбарынын орду) жайгашкан. Шаар 8-к-дан 15-к-дын башына чейин өнүгүп, монголдордун жапырыгында бүлгүнгө учураган ж-а бир аз убакыттан кийин кайта жанданып, тиричилик 18-к-га чейин созулган. Андан кийин шаар биротоло ээн калган. Айрым маалыматтар б-ча 18-к-да солто уруусунан чыккан Бишкек аттуу адам ушул чөйрөнү жердеп, журтун душмандан коргоп турган. 19-к-дын башында кыргыз феодалдарынын өз ара чатагынан пайдаланган Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн басып алып, жерг. элди башкарып туруу үчүн бир катар чеп курдурган. Кокондуктардын негизги чыӊдоолорунун бири катары Чүй өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө курулган чеп – Бишкек чеби аталган (бул аталышты колониячылар Пишпек деп бурмалап, өзгөртүп айтышкан). Бул чеп Аламүдүн суусунун батыш жагында азыркы «Темир усталар чебинин» ордундагы 6 га жерди ээлеген. Борб. Азияны ээлеп алууга умтулган Россия аскерлери 1860-ж. 4-сентябрда Бишкек чебин убактылуу басып алган. Бирок алар кетери м-н мында кокондуктардын бийлиги кайра орногон. 1862-ж. сентябрда падыша аскерлери Байтик башында турган кыргыздардын жардамы м-н чепти 2-ирет ээлеп, аны биротоло талкалаган. 1864-ж. анын урандысынын жанында казак орустардын бекети, ага удаа чакан базар, 1887-ж. ат-почта бекети курулган. 1868–70-ж. Шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн ж-а Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-ж. чейин чүйлүк кыргыздар адм. жактан Ала-Тоо округунун (борбору – Верный ш.) начальнигине баш ийген, 1865–67-ж. Түркстан обл-на, кийин Токмок уездинин курамында Жети-Суу обл-на кирген. 1878-ж. 29-апрелде уездин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар калкынын саны 1913-ж. 18 468ге жеткен.
Бишкекте кустардык-өнөр жайлык мүнөздөгү алгачкы ишканалар, а. и. тегирмендер 19-к-дын 2-жарымында пайда болгон. 1883-ж. Булгаары з-ду, 1885-ж. сыр-быштак жасоо ишканасы иштей баштаган. Ошондой болсо да шаарда өнөр жайга караганда базардык-стационардык типтеги соода тезирээк өнүккөн. 1878-ж. алгачкы чакан оорукана м-н дарыкана ачылган. 1879-ж. приходдук бир класстуу окуу жай, кийин башка окуу жайлар ачылган. 1916-ж. жайында Бишкек уездинин көп бөлүгүн улуттук-боштондук көтөрүлүш каптаган. Россияда Февраль буржуазиялык-демокр. рев-ясы жеӊгенден кийин, 1917-ж. мартта Бишкек солдат ж-а жумушчу депутаттар совети уюшулуп, анда чечүүчү позицияны Убактылуу өкмөттү колдогон меньшевиктер м-н эсерлер ээлеп алышкан. 1918-ж. 7-январда Бишкектеги ж-а уездеги бийлик иш жүзүндө большевиктердин колуна өткөн. 1924-ж. 14-октябрдан Бишкек – Кара Кыргыз АОсунун (1925-ж. 25-майдан Кыргыз АОсу), 1926-ж. 1-февралдан Кыргыз АССРинин борбору, 1926-ж. 12-майдан Фрунзе деп аталган. 1936-ж. 5-декабрдан Фрунзе – Кыргыз ССРинин борбору (1991-жылдан Бишкек аталып, эгемендүү Кыргыз Респ-нын борбору), 1938-ж. Бишкекте 3 адм. район Пролетар (азыркы Ленин), Биринчи Май, Свердлов р-ндору түзүлгөн. 1961-ж. шаарга Кызыл аскер, Привокзальный (Попеновка), Төкөлдөш айылдары, Аламүдүн, Көк-Жар айылдарынын бир бөлүгү, 1984-ж. Чоӊ-Арык, Орто-Сай айылдары кошулган. 1974-ж. жаӊы адм. район Октябрь р-ну түзүлгөн. Кеӊеш доорунда Бишкек ш-нын саясий-коомдук, социалдык-экон. ж-а маданий турмушунда зор өзгөрүүлөр болду. 1924-ж. алгачкы кыргыз гезити «Эркин Тоо» чыккан. 1926-ж. мамл. басмакана м-н музей түзүлгөн. 1932-ж. педагогика, 1938-ж. зооветеринария, 1939-ж. Медицина ин-ттары ачылган. Ошол эле жылдары алгачкы ири өнөр жай ишканалары курулган. Бишкекке Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Украинадан, Россиядан бир катар өнөр жай ишканалары көчүрүлүп келинген.
Азыркы учурда рынок экономикасына багыт алуунун натыйжасында шаардагы өнөр жай ишканаларынын, соода мекемелеринин ж. б-дын бир катары менчиктин түрдүү формаларына өтүүдө. Көз каранды эмес мамлекеттин борбору катары Бишкекте бир катар чет өлкөлөрдүн элчиликтери ж-а эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ачылып, Кырг-ндын дүйнө элдери м-н байланышы кеӊейүүдө.

Экономикасы


. Бишкек ш. – экон. ж-а социалдык жактан жогору деӊгээлде өнүккөн, саясий жактан Кыргыз Респ-нын борбору катары өзгөчөлөнгөн регион. Шаарда өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш ж-а элди социалдык жактан тейлеген соода, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж. б. тармактар өнүккөн.
Кийинки жылдары, Кырг-нда ж-а анын региондорунда өндүрүштү рыноктук шартка ылайыкташтыруу максатында, чарбанын бардык тармактарында экон. реформа жүргүзүү башталган. Натыйжада, өндүрүшкө структуралык өзгөрүүлөр киргизилип, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар көбөйдү.
Өндүрүштү базар экономикасынын шартына ылайыкташтыруунун натыйжасында шаардын өнөр жайында дагы эӊ ири структуралык өзгөрүүлөр болду. Өндүргөн продукциялары рыногун жоготуп, сатылбай калган өнөр жай ишканалары, айрыкча Б-теги машина куруу тармагынын ири ишканаларынын өндүрүшү токтотулду же аларды башка өтүмдүү буюмдарды жасоого толук кайра курууга туура келди. Кээ бир ишканалар жарым жартылай иштеп калышты. Ошого байланыштуу Бишкек ш-нын өнөр жай өндүрүшү 1991–95-ж. 4 эсеге төмөндөгөн. Шаарда 1991-ж. чөп таӊгактоочу машина жасоо 20 миӊ даанага жетсе, 1996-ж. анын 200 араӊ чыгарылган. Электр машиналар 1125тен 64кө, металлды кесүүчү станоктор 1146дан 27ге, токулган кийимдер 16 млн даанадан 1,4 млн даанага, бут кийимдер 3,5 млн жуптан 380 миӊ жупка чейин кыскарган. Ошондуктан, өнөр жай өндүргөн продукциянын көлөмү б-ча Бишкектин респ-дагы үлүшү 1991-ж. 31,0%тен, 1996-ж. 20,7%ке чейин азайган. Ал эми, 1996-ж. шаардын өнөр жай өндүрүшүндөгү төмөндөө токтолуп, кайра жогорулоого багыт алды. 1995-жылга салыштырганда бир жылдык өсүш продукциянын көлөмү б-ча 3,0%ти түзсө, 2005-ж. 2004-жылга салыштырганда 2,5%ке өскөн.
Жогоруда белгиленген өзгөрүүлөргө карабастан, Бишкек ш-дагы эле респ-нын эӊ ири өнөр жай түйүнү катары белгилүү. 2005-ж. Б-те 1051 ишкана (а. и. 109 орто ж-а ири ишканалары) иштеп, Кырг-ндын өнөр жайынын 24,3%ин же 12110,9 млн сомдук продукциясын өндүргөн. А. и. кеӊири керектелүүчү товарлардын үлүшү шаардын өнөр жайы өндүргөн продукциянын 68,3%ин түзгөн. Шаарда өнөр

«Бишкек Байпак» акционердик коомунун имараты.

жай өндүрүшүнүн бардык тармактары бар. Алардын ичинен негизгилери машина куруу ж-а металл иштетүү (2002-ж. 858,5 млн сомдук продукция чыгарган), жеӊил (159,3 млн), тамак-аш (1838,3 млн) өнөр жайлары ж-а электр энергетика (2797,5 млн сом) негизги орунду ээлеп, алар 2002-ж. жалпы өнөр жайдын 90%ке жакын продукциясын өндүргөн. Ушул тармактардын респ-дагы үлүшү дагы жогору. 2000-ж. шаардын машина куруу өнөр жайы респ-нын ушул тармагы өндүргөн продукциянын 21,0%ин, тамак-аш 33,9%ин ж-а жеӊил өнөр жайы 23,5%ин чыгарган. Б-тин ири өнөр жай ишканалары: ЖЭБ (2002-ж. 324,9 млн сомдук продукция өндүргөн), «РЕЕМТСМА – Кыргызстан» АК (818,9 млн), Камволдук-нооту (49,1 млн), «Кока-Кола – Бишкек – Ботлерс» ишканасы (191,2 миӊ), «Бишкек дан-азык» (86,3 млн); Б. машина куруу з-ду (63,5 млн), «Бишкексүт» (251,4 млн), «Таттуу» (29,0 млн), «Кыргызшампаны» (38,5 млн), «Автомаш-Радиатор» (180,0 млн), «Электротехник» (63,2 млн), «Байпак» (9,0 млн), «Таш-Темир» (19,4 млн), «Булгаары» биргелешкен ишканасы (21,8 млн), «Кыргызмебель» (29,6 млн) акционердик коомдору ж. б. Өнөр жайдын негизги продукциялары: электрэнергия (2004-ж. 967,7 млн кВт·с), автомобиль

радиаторлору (171,4 даана), мебелдер (200,3 млн сом), бетондон жасалган курама курулуш конструкциялары (36,1 миӊ т), кыш ж-а плита материалдары (17,3 млн даана), токулган кийим (15,6 миӊ даана), жүн кездемелери (374 миӊ м3), байпактар (72,8 миӊ жуп), бут кийимдер (13,8 миӊ жуп), сүт (7,4 миӊ т), пиво (7329,3 миӊ дикалитр), шампан (154,0 миӊ декалитр), коньяк (282,9 миӊ декалитр), сигарет ж-а папиростор (3169,8 даана), ун (33,6 миӊ т), нан азыктары (41,3 миӊ т), чай (2,7 миӊ т) ж. б. Көпчүлүгү, айрыкча машина куруу ж-а жеӊил өнөр жай тармактарынын продукциялары чет өлкөлөргө сатылып, алар м-н экон. байланыш түзүүдө ж-а респ-нын өнүгүшүндө Бишкек ш-нын мааниси зор. Экспортко сатылган продукциялардын көлөмү 2004-ж. 477,7 млн АКШнын долларын (респ-нын экспортунун 66,5%ин) түзүп, региондордун ичинен биринчи орунда болгон. Ошол эле мезгилде башка өлкөлөрдөн сатып алынган калк кеӊири керектөөчү продукциялардын, б. а. импорттук көлөмү 617,7 млн долларга жетип, импорттун 65,6%ин түзгөн. Натыйжада, Бишкек ш-нын өзүнүн бюджетин өзү толук каражаттоо м-н респ-нын бюджетин толуктоодо зор салымы бар. Башка региондордон айырмаланып, шаардын калкына социалдык жактан берилүүчү төлөмдөрдү жерг. Бюджеттин эсебинен шаар өзү камсыз кылат.
Б. өлкөдөгү эӊ ири жолдор тоому. Эӊ ири автомагистралдары: Бишкек – Ош, Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт – Кашкар (Кытай), Бишкек – Балыкчы – Каракол, Бишкек – Алматы (Казакстан), Бишкек – Кара-Балта – Тараз (Казакстан) – Ташкен (Өзбекстан) ж. б. Чалдыбар бекетинен Балыкчыга чейин кеткен темир жолу Бишкек ш. аркылуу өтөт. Шаардын ортосунда жүргүнчүлөрдүн темир жол бекети, батыш ж-а чыгыш четинде «Бишкек» ж-а «Аламүдүн» жүк түшүрүп, жөнөтүп туруучу темир жол бекеттери бар. 2004-ж. Темир жол транспорту м-н 1230,8 миӊ т жүк ж-а 240,5 миӊ жүргүнчү ташылган.
Бишкек ш-нын түн. тарабынан 30 км аралыкта Борб. Азиядагы ири аэропорттордун бири «Манас» аэропорту жайгашкан. Бул аэропорт шаарды, о. эле Чүй обл-н чет өлкөлөр ж-а респ-нын дээрлик бардык региондору м-н аба жолдору аркылуу байланыштырат. 2004-ж. Бишкек ш-нын аба жолдору м-н 218,5 миӊ жүргүнчү ташылган.
Шаарда 2 автобекет (Чыгыш ж-а Батыш) иштеп, 24 автотранспорттук, 1 троллейбустук мекемелерде 2,5 миӊ автобус (а. и. жеке менчик 705), 51 миӊге жакын жеӊил машина (а. и. 48,5 миӊи жеке менчикте), 200 троллейбус болгон. 2004-ж. автотранспорт м-н 5,0 млн т жүк, 74,5 млн жүргүнчү, троллейбус м-н 31,7 млн жүргүнчү ташылган.
Б-те калкты соода ж-а тиричилик жактан тейлөөчү тармактардын өнүгүү деӊгээли дагы респ-нын орточо көрсөткүчүнөн бир кыйла жогору. 2004-ж. шаарда товарларды соодалап жүргүзүүнүн көлөмү 40,3 млрд сом, калкты тейлөөнүн көлөмү 7,2 млрд сом, а. и. калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 625,7 млн сомго жеткен. Б. а. респ-нын орточо көрсөткүчүнө салыштырганда Б-те соода жүргүзүүнүн көлөмүн адамдын санына эсептегенде 1,6 эсеге, ал эми калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 5,0 эсеге жогору болгон.
1995-ж. Бишкек ш-нда Эркин экон. Аймак (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамына шаардын «Манас» аэропорту, Өкмөттүн алдындагы Улуттук көргөзмө борборунун жери, илгертен «Акчий» деп аталып келген Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы азыркы Мрамор айылынын чет жакасындагы жерлер кирет. «Бишкек» ЭЭАдин жалпы аянты 489 га. 2002-жылдын башталышында «Бишкек» ЭЭАда 412 ишкана катталып, анын 172си иштеген. «Бишкек» ЭЭАда лар сыртка сатылып келет.

А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук академиялык опера ж-а балет театры.


==Архитектурасы==
. Анын көп кылымдык тарыхын ж-а азыркы мад-тын арх-ралык курулушусуз элестетүү мүмкүн эмес. Кырг-ндын аймагында үч миӊ жыл илгери эле курулуш иштери жүргөн. Байыркы ж-а о. кылымдагы чеберлердин колунан жасалган курулуштар түрдүү жагдайларга байланыштуу талкаланып жок болгон. 13-к-дан ири имараттарды куруу башталган. Кырг-нда атайын билимдүү архитекторлордун, инженер-куруучу адистердин жоктугунан көп шаар-кыштактар бир типте, көрксүз курулган. Чийки кыштын ордуна бышкан кыш жасай баштоо эки-үч кабат үйлөрдү курууга мүмкүндүк берген. 1928-ж. Фрунзеде Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин имараты (арх. Зенков) улуттук колоритти эске алуу м-н курулган туӊгуч адм. имарат болуп эсептелген. Андан кийин Кыргыз пед. ин-ту (1932),

Бишкектеги Бакыт өргөөсү.
муз. мектеп (1935), Өкмөт үйү (1936) ж. б. курулган. Арх-ра ж-а шаар курулушунун экинчи этабы 1930-ж. аягында башталган. Бул жылдарда Москвадан, Ленинграддан жиберилген орус архитекторлору иштешкен. Кыргыз улутунан кадрларды даярдоо үчүн жогорку арх-ралык курулуш окуу жайы болгон эмес. 1939-ж. Кыргыз ССР Эл комиссарлар совети туӊгуч шаар куруу документин – Фрунзе шаарын өнүктүрүүнүн ж-а кайра конструкциялоонун генералдык схемасын (арх. И. Смирнов) бекиткен. Анын негизинде Жаш Гвардия, Правда көчөсү б-ча жаӊы бульварлар, Кара-Жыгач багында Борб. маданий ж-а эс алуу паркы, мурдагы Өкмөт үйүнүн маӊдайында гүлбак, ботан. бак, шаар багы (азыркы Панфилов атн. парк) курулду. Ленин (азыркы Чүй) ж-а Пионер (азыркы Токтогул) көчөлөрү борбордун көркүн ачкан. Көрүнүктүү имараттарга «Ала-Тоо» кинотеатры (арх. В. Калмыков, 1938), мед. ин-ттун имараты (арх. Ф. Стеблин, 1939), Эркиндик ж-а Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги турак үйлөр (арх. Ф. Стеблин, В. Нусов, 1939), респ. Ат майдан (В. Нусов, 1952), Кыргыз улуттук опера ж-а балет театры (арх. А. Лобуренко, 1955) ж. б.


Жеӊиш аянты.

кирет. 60-жылдардын 2-жарымынан тартып азыркы мезгилдин талаптарына жооп берген имараттар, ишканалар м-н мекемелердин инж.-лабор. ж-а өндүрүш корпустары курула баштаган (мис., Телекөрсөтүү ж-а радио уктуруу б-ча мамл. к-ттин аппараттык-студиялык комплекси, Кыргыз ССР ИАнын имараттарынын комплекси). 1960-жылдардын арх-расында өзгөчө орунду Фрунзе музейи (1967) ээлейт. Е. Писарскойдун жетекчилиги астында 1970-ж. Пландуу турак үйлөр долбоорлоно баштаган (мис., кичи райондор, «Түштүк дарбаза»). Алардын арх-расы климаттык шарттар м-н улуттук декорациянын өзгөчөлүктөрүнүн эске алынышы м-н мүнөздөлөт. Алгачкы турак үйлөр району болгон Ботан. массивде темир бетондон чогултма панелдүү үйлөр ж-а

«Асанбай» кичи районундагы монолиттүү 12 кабат турак үй.
кыштан 98-сериядагы үйлөр курулган. Арх. Е. Писарской, В. Седов, типтүү 5 ж-а 9 кабаттуу 105-сериядагы турак үйлөрдү долбоорлогондугу үчүн Кыргыз ССРинин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. татыктуу болушкан (1978). Шаардын негизги планы ж-а анын борб. бөлүгүн куруунун эскизи бекигенден (1970) кийин бир катар маанилүү коомдук, маданий турмуш-тиричилик имараттары курулуп, алар борбор шаардын арх-ралык көркү болуп калды. «Ысык-Көл», «Россия», «Манас» кинотеатрлары (1961, 1963, 1970), К. Баялинов атн. китепкана, цирк имараты (1976), Кожомкул атн. Спорт сарайы (1974), «Айчүрөк» универсал дүр-дүйнө дүкөнү, Кыргыз драма театры (1970), Орус драма театры (1972), Улуттук филармония (1980), «Хайятт» (мурунку «Кыргызстан», 1997–98-ж. кайра конструкцияланган), «Пишпек», «Ак кеме» мейманканалары (1974–75), «Соӊкөл», «Сейил» ресторандары (1961–71), Байланыш үйү (1978) ж. б. курулуштарда белгилүү арх. Г. Кутателадзе, Ю. Карих, Д. Ырыскулов, А. Жекшенбаев, В. Назаров, А. Альбанский, Ю. Билинский, Р. Мухамедиев, А. Исаев, С. Ишенов, А. Жуманалиев, Б. Молдобаев, К. Сарбанов эмгектенишкен. Кыргыз ССРинин эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн башкы павильону (1974), Турмуш-тиричилик үйү (1975), «Пишпек» мейманканасы (1975), ¹ 5 кыргыз орто мектеби (1980), «Манас» аэровокзалы (1981, арх. К. Сарбанов, В. Д. Фокт ж. б.) курулган. Саламаттык сактоо мекемелерин курууга өзгөчө көӊүл бурулган, алар: Кардиология ин-тунун, Саламаттык сактоо министрлигинин, 4-оорукананын корпустары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары үчүн поликлиниканын имараттары ж. б. 1984-ж. Фрунзеде алгачкы 16 кабат турак үй, андан соӊ 12 ж-а 18 кабат үйлөр тургузулган. Өнөр жай арх-расы ири масштабдагы курулуштар ж-а комплекстер м-н толукталган. ВЛКСМ атн. тигүү (1981), Байпак ф-калары (1983), «Кыял» бирикмеси (1984), Борбордук басма үйү (1984) курулган. 1979-ж. Шаардын борб. бөлүгүнүн планынын долбоору бекитилген. Ал шаардын азыркы абалын, келечектеги өнүгүшүн ж-а агломерациясын ар тараптан талдоонун негизинде иштелип чыккан. Бул долбоор б-ча азыркы Тарых (мурдагы Ленин) музейи (арх. С. Абышев, Р. Асылбеков, К. Ибраимов, М. Сатыбалдиев, В. Абаков, А. Куделя, М. Керимкулов, 1984) ж-а «И» түспөлүндөгү Агроөнөр жай мекемесинин чамгарактуу имараты (арх. Г. Кутателадзе, В. Лызенко, А. Логунов, И. Камбарбаев, И. Кадырбеков, Ю. Головин, 1984), «Эркиндик» монументи (скульптор Т. Садыков, 2003), «Ала-Тоо» аянты түзүлгөн. Аянттын түш.-батыш жагында Президенттин администрациясы ж-а Өкмөт үйү (арх. Р. Мухамедиев, У. Алимкулов, А. Зусин, Л. Лазарев, С. Султанов, Ж. Асаналиев, Ж. Аманалиев ж. б., 1984) жайгашкан. Улуттук (мурдагы В. И. Ленин атн.) китепкана, Аламүдүн, Ош, Орто-Сай, Дордой, Кудайберген, Ала-Арча-2, Баткен базарлары, Байланыш үйү, соода, маданий-турмуш-тиричилик объекттери, мектептер ж. б. айланасын көрктөндүрүү м-н курулган. О. эле көчөлөр, фонтандар, эстеликтер, парктар, гүлбакчалар ж. б. шаардын көркүн ачып турат. 1980-жылдан тартып курулган ири объекттерге «Манас» аэропорту (1981), «Жеӊиш» монументи, «Манас» скульптуралык тобу (1988), «Революциянын каармандарына эстелик» ж. б. кирет. Баатырлар аллеясы – атайын эстелик ансамбли. 1975-ж. Совет элинин фашисттик Германияны жеӊгендигинин 30 жылдыгын белгилөө күнүнө карата ачылган «Жаш гвардия» гүлбак көчөсүнүн борборунда жайгашкан (скульпторлор Г. Тупый, В. Шестопал, Т. Досмагамбетов, Т. Садыков, З. Хабибулин, А. Мухутдинов). Ага улай 20–40-жылдардагы Баатыр комсомолдордун эстелиги


«Манас айылы» архитектуралык комплекси.
турат. Ушул эле гүлбакта Фрунзе ш-нда төрөлгөн эки жолку Сов. Союзунун Баатыры Т. Я. Бегелдиновдун бюсту борб. аянттын кайрадан өзгөртүлүп курулушуна байланыштуу 1984-ж. Чүй проспектисинен «Жаш гвардия» бульварынын кесилишиндеги аянтка көчүрүлгөн (скульпторлор И. Абакумов ж-а В. Боголюбов). Борбор шаарыбыздын түш. жагына курулган «Манас айылы» (арх. Д. Өмүралиев, А. Алсейитов, О. Байгожоев ж. б., 1993) арх-ралык комплекс 1997-ж. Эл аралык архитекторлор союзунун жогорку сыйл. Гран-приге татыган. Ата-Түрк паркында Афганстан согушунда курман болгондорго (арх. Т. Кеӊешов, Ж. Исаков ж. б.), Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин катарында А. Токомбаевге (скульптор А. Ажиев, арх. Т. Кеӊешов), Эркиндик бульварында Т. Үмөталиевге, Курманжан даткага, М. В. Фрунзеге, Ж. Ибраимовго, А. И. Иваницынга, Н. Исановго, «Манас» проспектинде Ормон ханга (скульптору А. Усукеев, арх. Т. Кеӊешов), Жаштар аллеясында Шабдан баатырга (скульптору А. Турумбеков, арх. К. Шабданалиев), Баткен согушунун жоокерлерине (скульптору У. Садыков, арх.Е. Писарской) эстеликтер, «Эл куту» скульптуралык-архитектуралык композициясы (скульптору Т. Садыков) тургузулган. Бишкек арх-ралык пландоо башкармасы ж-а КРдин архитекторлор союзу шаар келбетин көрктөөгө олуттуу салым кошууда. Архитектура кадрларын даярдоону Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети ишке ашырууда.


Маданияты.


Бишкек ш. респ-нын илим, билим, саламаттыкты сактоо, көркөм өнөр ж-а мад-т мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борбору катары белгилүү. Респ-нын ил.-из. мекемелеринин дээрлик бардыгы Бишкек ш-нда жайгашкан. Б-те 2006/07-окуу жылында 35 ЖОЖ, 90 орто мектеп болгон; а. и. 3 жатак мектеп, 3 атайын ж-а 3 кечки мектеп иштеп, аларда 104,3 миӊ окуучу окуп, 5762 мугалим эмгектенген. Ушул мектептердин кээ бирлери гимназия, лицейлер ж-а 20 жеке менчик мектептер. Жеке менчик мектептерде 1,9 миӊ окуучу окуган. Ар кандай сабактарды тереӊдетип окуткан мектеп, гимназия ж-а лицейлердин саны 32. Бардык мектептердин көбүндө информатика кабинеттери бар. Дээрлик бардык мектептерде китепкана ж-а ашкана иштейт. Шаардын мектептеринде бир класста орт. алганда 27 окуучу окуп, бул респ-да эӊ жогорку чек болуп саналат.
Саламаттыкты сактоо тармагында 2003-ж. 9468 орундуу (алардын 6656 оруну респ. мед. Мекемелерге тиешелүү) 57 мед. мекеме (алардын 19 оорукана, 18 ФАП, 20 үй-бүлөлүк медицина борбору) болуп, аларда ар түрдүү адистиктеги 5952 врачтар (3269 респ. мекемеде) ж-а 5762 мед. орто билимдүү кызматкер (2748 респ. мекемеде) иштешкен. Б. а. ооруканалардагы орундарды калктын 10 миӊ адамына эсептегенде, шаардын деӊгээли респ-нын орт. көрсөткүчүнөн 2 эсеге, ал эми врачтардын саны б-ча 3 эсеге жогору болгон.
Б-те өлкөнүн ири мейманкалары, базарлары, дүкөндөрү соода түйүндөрү ж-а комплекстери д. у. с. бар.
Шаарда 21 ири китепкана, 7 театр, (а. и. опера ж-а балет), филармония, 10 кинотеатр ж-а 13 музей иштейт. Б. Кыргыз Респ-нын саясий борбору болгондуктан, Өкмөт Үйү, Жогорку Кеӊештин, Республикалык сот ж-а прокуратуранын имараттары, гезит, журнал, радио ж-а телекөрсөтүү мекемелери жайгашкан. О. эле ондон ашык алыскы ж-а жакынкы чет өлкөлөрдүн (АКШ, Афганстан, Беларуссия, Германия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия ж. б.) өкүлчүлүктөрү иштейт.
К. Сарбанов, А. Мырзаев, К. Сакебаева, Л. Приходько.